«Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болду деп табылды — ММБФ

«Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болду деп табылды — ММБФ

Бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров «Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болгонун маалымдады.

Бакиров жыйында аталган компанияга карата Жогорку соттун чечими чыгып калганын айтты.

«Эйр Кыргызстан» банкроттук деп табылды, андыктан мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынан алынып салынды», — деди ал.

Эске салсак, 2021-жылы УКМК 100% акциясы мамлекетке таандык «Эйр Кыргызстан» ААКсында коррупциялык фактыларды аныктаган. Эсеп палатасынын кызматкерлери авиакомпаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүп алып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3.1 млн доллар зыян келтирилгенин жашырышкан.

2016-жылдын аягынан тарта компания финансылык кыйынчылыктарды баштан кечире баштаган. 2017-жылдын күз айларынан тарта авиакомпаниянын иши рентабелдүү эмес деп табылгандыктан, өздүк каттамдары токтотулган.

Белгилей кетсек, комитеттин жыйынында «2023-2025-жылдарга КРда мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу» жана «КРнын Жогорку Кеңешинин мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери