Улуттук банк аффинаждалган алтындын трой унциясын (31.1034768 граммга барабар) 169.4 миң сомдон сатууда. Бир жылдын ичинде куйманын наркы 6.9 миң сомго кымбаттады.
Үстүбүздөгү жылдын 13-январына карата көзөмөл органы 100 граммдык алтын куймаларын 523.7 миң сомдон сатууда. Белгилей кетсек, бир жыл мурун Улуттук банк бул куймаларды 542.3 миң сомдон сатып алган болчу.
Салмагы азыраак өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы өтө деле кымбаттаган жок.
- 10 граммдык куймалар азыр 54.7 миң сомдон сатылууда. Былтыры алар 53 миң сомдон болчу.
- 5 граммдык куймалары 27 миң 838 сомдон бааланууда.
- 2 граммдык куймалар 11.9 миң сомдон сатылууда.
- 1 грамм салмактагы куймалар 6 миң 615 сомдон сатылууда. Өткөн жылдын ушул мезгилинде алар 6478 сомдон сатылган.
Ал эми 10 кг алтын куймалары кыргызстандыктарды кызыктырбаганы байкалат, анткени Улуттук банк 2022-жылы мындай салмактагы бир дагы куйма саткан эмес.
Азыр дагы регулятор алтын куймаларын сатууну улантууда. Аффинаждалган алтын куймаларын сатуу боюнча актуалдуу маалымат Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган.
Кошумча окуңуз:
Улуттук банк алтын куймаларын КФБнын соода аянтында сатыкка чыгарганын расмий билдирди
Улуттук банк 12 кг алтын куймаларын сатып баштады. Бир куймасы канча турат?
Жыл башынан бери кыргызстандыктар Улуттук банктан дээрлик 223 кг алтын сатып алышты