Жазында Кусейин Көлбаев атындагы тоннель ремонтко берилет

Жазында Кусейин Көлбаев атындагы тоннель ремонтко берилет

Жаз айларында Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жарыктары жаңыртылып, асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Бишкек — Ош автожолунда жайгашкан Төө-ашуудагы тоннелдин абалы менен таанышканы барган.

«Азыркы учурда тоннелдин ичиндеги жарыктар эптеп эле үлбүлдөп күйүп, жол дагы бузулуп бүткөн. Ошого байланыштуу Министр Текебаев тоннелдин ичиндеги жарыктарын жаңылап, жазында жолду асфальттоо иштерин баштоону тапшырды», — деп айтылат билдирүүдө.

Көлбаев атындагы тоннель — Бишкек — Ош автожолунда жайгашкан стратегиялык маанилүү объект болуп эсептелип, республиканын түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте, узундугу 2514 метр, бийиктиги 5.8 м, жол жабуусу 6.6 м болуп, 1962-жылы курулган, акыркы жолу 2000-жылы реконструкцияланган.


Белгилей кетсек, буга чейин Economist.kg кабарлагандай, бул тоннелге альтернативдик тоннель куруу да каралып, министрлик Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен биргеликте инвестор издеп жаткан. Долбоор 234 млн долларга бааланган болчу.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери