13-январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британия өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу оператору Кыргызстандын жарандарын Улуу Британияда 2023-жылы ишке орноштурууну караган келишимге кол коюшту.
Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, келишимге ылайык, Кыргызстанга быйыл 2000 адамга квота берилет.
Программага 18-46 жаштагы кыргызстандыктар катыша алат. Келишимдин мөөнөтү — 6 айга чейин болуп, айлык акы жумуш саатына 10 фунт стерлингди түзөт.
Эске салсак, 2022-жылы кыргызстандыктарды Улуу Британияда ишке орноштуруу үчүн квота 1500 адамды түзгөн.