2023-жылдын 1-январынан баштап накталай эмес формада төлөнүүчү товарларды сатууда, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда накталай формада төлөнгөндөй эле сатуу салыгы алына баштады. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Алсак, сатуу салыгынын төмөнкү ставкалары колдонулат:
- КНС салынуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн – 1% өлчөмүндө, калган иш үчүн – 2% өлчөмүндө.
- КНСтен бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн – 2% өлчөмүндө, калган иш үчүн – 3% өлчөмүндө.
Ошондой эле банктар, турак жана турак эмес жайларды сатуу боюнча куруучулардын иши үчүн – 2% өлчөмүндө, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн – 5% өлчөмүндө сатуу салыгынын ставкалары каралган.