ЕРӨБ таштанды жайды курууга берген кредитти иштете албаганы үчүн Бишкек 252 миң евро комиссия төлөдү

ЕРӨБ таштанды жайды курууга берген кредитти иштете албаганы үчүн Бишкек 252 миң евро комиссия төлөдү

Бишкек Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) таштанды төгүүчү жай үчүн берилген кредитти өздөштүрө албай койгону үчүн 252 миң евро комиссия төлөгөн. Бул тууралуу маалымат Эсеп палатасынын кеңешинин 13-январдагы жыйынында айтылды.

Эсептөө палатасынын жыйынында ЕРӨБ тарабынан каржыланган «Бишкек шаарында 2013-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилдеги катуу таштандыларды башкаруу системасын өркүндөтүү» долбоорунун кредиттик жана гранттык каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна аудит жүргүзүлгөн.

Эсептөө палатасынын маалымат кызматы билдиргендей, текшерүүдө ар кандай мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинде борбордун мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан келишимдин шарттарын натыйжасыз аткаруу жана милдеттенмелерди өз убагында аткарбоо, ошондой эле жер участокторуна (жаңы полигон, рекультивация аймагы) документтер талаптагыдай эмес даярдалган.

Бул мыйзам бузуулардын бардыгы 1 млн 534 миң евро суммасындагы долбоордун каражаттарынын натыйжасыз пайдаланылышына алып келген.

Кредиттик каражаттарды өздөштүрбөгөндүгү үчүн комиссияларды төлөөдөн улам муниципалдык ишканалардын кирешелериндеги жоготуулар 252 миң еврону түзгөн.

Валюта эсебин муктаждыксыз ачып, валютаны конвертациялоодон улам 296 миң сом курстук айырмага байланыштуу кошумча чыгашалар келип чыккан.

Эсеп палатасынын отурумунун жыйынтыгында, токтомдор кабыл алынып, бөлүмдүн көрсөтмөлөрү жана сунуштары аудит объектке жөнөтүлөт. Ошондой эле аудиттин материалдары тиешелүү мамлекеттик органдарга берилет.


ЕРӨБ берген 22 млн евродон 6 млн евро калды — эми ага мэрия таштанды иштеткен завод курууга тендер жарыялайт

Бишкекте ЕРӨБ каржылаган таштанды полигонунун курулушу бүтпөй келет — долбоорду кечиктиргендиги үчүн КР 14 млн сом айып төлөйт

Таштанды полигонун рекультивациялоого 10.5 млн евро сарпталган, бирок эч бир иш жасалбаган – мэрия

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери