Акылбек Жапаров быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө 20-50 млрд сом багытталарын убадалады

Акылбек Жапаров быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө 20-50 млрд сом багытталарын убадалады

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров минкабдын 2023-жылдагы алгачкы жыйынын өткөрүп, анда быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө 20-50 млрд сом багыттала тургандыгын билдирди.

Минкабдын маалымат кызматы билдиргендей, жыйында Жапаров эки жылдын ичинде өлкөнүн ИДПсы 50%га өскөнүн, консолидацияланган бюджет 438.1 млрд сомду түзгөнүн айтты.

«Консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 2 жылда 190 млрд 600 млн сомго, же 177%га өстү. Келерки жылы аны 503 млрд сомго жеткирүү пландалууда. Өсүү темпин кармап туруу үчүн биз түз инвестицияны жана таза экспорттун көлөмүн көбөйтүүбүз керек. Бул эки милдетке өзгөчө маани берилет.

Быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө жана колдоого 20-50 млрд сом багытталат. Бул энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба продукциясын сактоо жана сатуу үчүн шарттарды түзүү боюнча долбоорлор», — деди Акылбек Жапаров.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Конвертер валют