Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен кечээ, 12-январь күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, ал 73.8 млн кВт саатты түзгөнүн билдирди.
Аталган энергохолдинг керектөөгө жараша Токтогул суу сактагычынан суунун сарпталышынын дагы эң жогорку көрсөткүчү белгиленгенин билдирди.
Күн сайын суунун деңгээли 60 млн куб метрге төмөндөөдө. Учурдагы 10.6 млрд куб метр деңгээлде суу ресурстарынын бардык көлөмү азайып, келерки күз-кыш мезгилине даярдыкка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Улуттук энергохолдинг абоненттерди кечинде (саат 18.00дөн 21.00гө чейин) жана эртең менен (саат 7.00дөн 10.00гө чейин) керектөөнүн максималдуу учурунда электр энергиясын көп талап кылган тиричилик техникасын колдонбоого жана жылытуунун альтернативдүү булактарына (газ, көмүр) өтүүнүн зарылдыгын дагы бир ирээт өтүнөт», — дейт мекеме.
Акыркы эки күндөн бери кечки сааттарда энергосистема болгон кубаттуулукта ишин алып барууда. Бул көрүнүш жылытуу мезгилинде өтө кооптуу деп эсептелет.
Керектөөнүн өсүшүнүн уланышы негизги жабдуулардын ашыкча жүктөлүшүнө жана электр энергиясы менен камсыздоонун авариялык өчүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн.
Белгилей кетсек, өткөн жылы 5-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 972 млн куб метр болчу.
Суу сактагычтагы суунун максималдуу деңгээли – 19.5 млрд куб метр, нормалдуу көлөмү – 17.3 млрд болсо, пайдалуу өлчөмү – 14 млрд куб метрди түзүшү керек.