2022-жылдын январь-декабрь айларында (2021-жылдын декабрь айына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 14.7%ды түздү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.
Былтыры эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки азыктарынын баасы жогорулаган, тагыраак айтканда, ал 24.4%га, өскөн.
Ал эми тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктардын баасы — 15.8%га, азык-түлүк эмес товарлар — 12.7%га, ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 9.1%га өстү.