Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди.
2023-жылдын 1-февралынан тарта «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек — Москва — Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда.
«Манас» аэропортунан Россиянын «Внуково» аэропортуна учуулар жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарыла башташы күтүлүүдө.
«Москва шаары «Аэро Номад Эйрлайнс» ата мекендик авиакомпаниясы үчүн жаңы багыт болуп саналат. Учурда Россиянын борборуна Avia Trafic Company, «Аэрофлот» жана «Уральские Авиалинии» авиакомпаниялары каттамдарды аткарып келишет. Азырынча каттамдардын саны – 38», — дейт өлкөнүн башкы аэропорту.