Бишкек мэриясы өсүмдүк майы 110 сомдон сатылып жаткан даректи билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук базасында өсүмдүк майынын 1 литри 110 сомдон сатылууда.
База төмөнкү даректе жайгашкан: Лев Толстой №234, тел: 0558 90 06 66. Россия Федерациясында өндүрүлгөн май ал жерде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы белгилеген баада сатылат.