Өткөн жылы Кыргызстан боюнча эң кымбат керектөө баалары Нарында байкалды. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.
Өткөн жылдын январь-декабрь айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды.
Мында баалардын максималдуу өсүшү (18.4%га) Нарын облусунда катталды, бул башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын бааларынын өсүшү (43.3%га) менен шартталды.
2022-жылдын январь-декабрь айларында (2021-жылдын декабрь айына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 14.7%ды түздү.