Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча планды ашыра аткарып, пландагы 4 миң килограммдын ордуна 4 миң 150 кг алтын өндүргөн.
Компаниянын маалыматы боюнча, жыл ичинде алтын өндүрүү 30%га өскөн, ал эми техникалык калыбына келтирүү көрсөткүчтөрү 2021-жылдагы 89.3%дан 90.2%га өскөн. Компания 2023-жылы да сапаттык көрсөткүчтөрдү жакшыртууну пландаштырууда.
«Даяр продукцияны чыгарууну болжол менен 10%га, тагыраак айтканда, 4 300-4 400 килограммга чейин көбөйтүү пландаштырылууда. Кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу жана экологиялык коопсуздукту жогорулатуу боюнча жабдуу жана соргуч вентиляциясын, жумуш орундарын модернизациялоо, кошумча кеңселерди ачуу сыяктуу бир катар иш-чаралар каралууда», — дейт компания.