ОшМУнун медицина факультетинин студенттери «Ош-Тазалык» ишканасында окуу-волонтердук практикадан өтүшүүдө. Бул тууралуу Ош-Тазалык атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы билдирди.
Мекеме балдарга жаңы жилеттерди жана жабдууларды берген.
«Иш-чаранын алкагында 25 жаш жардам көрсөтүп, эки күн бою ишкананын кызматкерлеринин эмгегин сезишти. Бул иш-чара тазалыкты сактоону үйрөнүүнүн жана бул принциптерди досторуңузга үйрөтүүнүн жакшы үлгүсү», — дейт «Ош-Тазалык».