«Ак-Тилек» бекетинде 20 млн сомдук мыйзамсыз өтүп бара жаткан товарлар кармалды

«Ак-Тилек» бекетинде 20 млн сомдук мыйзамсыз өтүп бара жаткан товарлар кармалды

Салык кызматы 20 млн сомдук товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койгонун аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн жалпы 20 млн сомдон ашык суммадагы медикаменттерди, балдар тамак-ашын, кездемелерди, жалаяктарды, кондитердик азыктарды жана башка товарларды мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныкташты.

Тактап айтканда, «Ак-Тилек» контролдук-өткөрмө пунктунун жанындагы товарларды эсепке алуу пунктунан товарларды үй буюмдары катары ташып кирген автоунаалар кармалды (үй буюмдарына ташып келүүгө документтер таризделбейт).

«Автоунааларда 6.5 миң 5 таңгак түрдүү дары-дармектер, 4 миң банка балдар тамак-ашы, 48.3 миң даана Alpen Gold шоколады, 57.8 миң даана Snickers шоколады, 1.8 миң даана электрондук тамеки, 102 оролмо кездеме, арыктоо үчүн 680 таңгак чай, 450 таңгак Huggies балдар жалаягы табылган», — деп айтылат маалыматта.

Автоунаалар товарлары менен кошо мөөр басылып, айып токтотуучу жайга киргизилди. Бузуулар боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы чараларды көрүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери