МЖӨ борбору менен биргеликте «Ош» аэропортунда карго терминал куруу каралууда

МЖӨ борбору менен биргеликте «Ош» аэропортунда карго терминал куруу каралууда

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Аэродромдогу учуулардын коопсуздугун жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы инспектору Бекзат Алимов «Биринчи радиого» Ош аэропортун жакынкы эки жылда ремонттон өткөрүү маселеси каралып жатканын билдирди

Анын айтымында, аталган аэропортту оңдоп-түзөө иштери Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен бирге аткарылмакчы.

«Ош» аэропортун өнүктүрүү максатында МЖӨ менен чогуу жаңы учуп-конуу тилкесин куруу, эки тараптан жарыктандыруу, карго терминалын куруу, аэровокзалды кеңейтүү каралууда», — деди ал.

Ошондой эле кыргыз авиациясынын кыскача тарыхына да токтолду.

«Кыргызстандагы аэропорттордун тарыхы тууралуу айта турган болсок, биринчи жолу 1927-жолу биринчи учак келип конгон. Ал кезде так бир аэропорт же аэродром болгон эмес. 1933-жылы биринчи биздин учактар учуп чыккан. Ошентип кыргыз авиациясынын тарыхы башталган. Азыркы учурда бизде катталган 12 аэропорт бар. Алардын ичинен он бири иштеп жатат. Анын ичинен Талас аэропорту учактарды кабыл ала албайт», — дейт Алимов.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери