2022-жылы Салык кызматы 207.9 млрд сом салык жыйнады

2022-жылы Салык кызматы 207.9 млрд сом салык жыйнады

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматы 207 млрд 901.6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуп, белгиленген планды 3.7 млрд сомго ашыгы менен аткарганын билдирди.

Бул 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 63.8 млрд сомго көп.

«Анын ичинде 156 млрд 338.3 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналган. План 729.4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылга салыштырмалуу 50 млрд 624,3 млн сомго көп чогултулган (өсүү ыргагы 147.9%)», — дейт Салык кызматы.

Буга чейин Economist.kg кабарлагандай, 2022-жылы Салык кызматынын алдына 155.6 млрд сом салыктарды жана 41.7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери