Жазында Сокулукта 8 га жерге жаңы мал базардын курулушу башталат

Жазында Сокулукта 8 га жерге жаңы мал базардын курулушу башталат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

«Мен бир жыл мурун өлкөнүн бардык мал базарларында тартипти орнотуу зарылдыгы тууралуу тапшырма бергем. Көпчүлүк базарларда андан бери жагдай жакшы жагына өзгөрдү. Базарлардын администрациясы сатуучуларга жана сатып алуучуларга зарыл шарттарды түзүп берген. Ал эми Сокулук районунун аймагында жайгашкан мал базардын абалы өтө начар бойдон калууда. Жакынкы күндөрү базарды иретке келтирүү керек. Болбосо, азыркы кырдаалга көз жумган базар ээлерине да, жергиликтүү аткаминерлерге карата дагы чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек», — деди ал. 

Андан соң Жапаров 8 га аянтта куруулуучу жаңы заманбап мал базардын курулуш долбоору менен таанышты.  

«Бул объектте толук кандуу курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында башталышы керек. Министрлер кабинети Сокулук районундагы жаңы мал базары үстүбүздөгү жылы ишке киришүүсү үчүн аны куруу долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөтөт», — деди ал.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Конвертер валют