«КРнын 2018-2040-жылдарга карата Улуттук стратегиясына» ылайык, 2018-2022-жылдар аралыгында 15 миңден ашык үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртууга 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүү пландаштырылган.
Мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасынын алкагында жаш үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн каражат бөлүнүшү керек болчу.
«Жаш дарыгерлер менен мугалимдер мамлекеттик колдоонун артыкчылыктуу категорияларына айланат, программа аймактарга багытталат. Жаш дарыгерлердин жана балалуу мугалимдердин үй-бүлөлөрү үчүн мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү кызматтары, өзгөчө аймактарда жеңилдетилген шарттарда көрсөтүлөт», — деп айтылат документте.
Бирок Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнованын айтымында, МИК 2015-жылы түзүлгөндөн бери 2022-жылдын октябрына чейин 7 миң 606 адам 11 млрд 840 млн сомго турак жай сатып алган.
МИК ошондой эле «Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасынын алкагында, 15 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылууну белгилейт.