Казакстан менен Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин чогуу курууга катышат

Казакстан менен Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин чогуу курууга катышат

Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСин чогуу курууга Казакстан менен Өзбекстан расмий түрдө кошулду. Үч мамлекеттин Энергетика министрлери аталган ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшту.

2023-жылдын 6-январында КРнын Энергетика министрлигинде Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын энергетика министрлеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун жол картасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен талкуу болгонун министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Белгиленгендей, үч тарап Камбар-Ата-1 ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасынын макулдашуусуна кол коюшту.

Камбар-Ата-1 ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Казакстандын Энергетика министри Болат Акчулаков, Өзбекстандын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов кол коюшкан.

Маалыматка ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСди ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин аныкталат. Бирок КР Энергетика министри Ибраевдин айтымында, ГЭСди курууга болгон даярдыктар башталды.

«Бүгүн биз Камбар-Ата-1 ГЭСин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол койдук. Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 МВт», — дейт министр.

Ал эми Өзбекстан менен Казакстандын делегациялары биргелешкен ишкана түзүүнү толук колдой тургандыктарын билдиришти.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери