Германиянын КРдагы элчилиги чакан долбоорлорду каржылайт — арыздарды кабыл алуу башталды

Германиянын КРдагы элчилиги чакан долбоорлорду каржылайт — арыздарды кабыл алуу башталды

Кыргызстандын институттары тарабынан өз алдынча каржылана албаган чакан долбоорлорго каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Федералдык Өкмөт КРнын калкынын жакыр катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана чукул муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ийкемдүү, тез жана натыйжалуу жардам көрсөтүү максатында чакан долбоорлорду колдоону көздөөдө.

Жардам жергиликтүү өз алдынча каржылана албаган долбоорлорго берилет. Чакан долбоор үчүн негизги шарт — алар бюджеттик жылдын ичинде бүткөрүлүшү керек жана элчилик үчүн кайталануучу милдеттенмелерге алып келбеши керек.

Арыздарды кароодо элчилик калктын аялуу катмарынын: балдардын жана жаштардын, аялдардын, кары-картаңдардын жана майыптардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча чакан долбоорлорго өзгөчө көңүл бурат.

Чакан долбоорлорго өтүнмөлөрдү тандоодо жана баалоодо маанилүү критерийлер болуп долбоордун аткаруучуларынын жана колдонуучуларынын өздүк салымы көрсөтүлөт. Чакан долбоорлорго өтүнмөлөр, жылдын башында элчиликке кат формасында жана/же info@bischkek.diplo.de дареги боюнча электрондук почта аркылуу берилиши керек.

Толук маалыматты бул шилтемеден алууга болот.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды 26 января 2023 г.    12:00
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт 26 января 2023 г.    11:25
Алгачкы төлөмгө каражаты жок жарандар «Кепилдик фонддун» колдоосу менен үй алышса болот 26 января 2023 г.    11:05
Өткөн жылы мыйзамдуу эмгек миграциясына 12 миң жаран кеткен — үчтөн бири аялдар 26 января 2023 г.    10:47
Дүйнөлүк банк КР менен иштешүүгө даяр — жакынкы беш жылда 600 млн доллар берет 26 января 2023 г.    10:37
Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги жол кыймылынын пилоттук долбоорун сунушташты 26 января 2023 г.    10:14
Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды — РЕЙТИНГ 26 января 2023 г.    9:27
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери