«Фрунзе» супермаркети ISO сапаты боюнча эл аралык системасына шайкештик сертификатын алган КРдагы биринчи чекене тамак-аш сатуучу компания болуп табылды. Бул тууралуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) маалымат кызматы билдирди.
Белгиленгендей, ишкерликти жана бизнес чөйрөнү колдоо боюнча USAID долбоорунун аркасында Фрунзе супермаркети жана «Агро Куш» канаттуулар фабрикасы сапат менеджменти жана тамак-аш коопсуздугу боюнча эл аралык стандарттарды киргизди.
Ал эми «Агро Куш» ресурстарды пландаштыруу системасын киргизүү жана азык-түлүк коопсуздугу системасынын сертификатын алуу менен өндүрүштү өркүндөтө алды. Ишкана бакма канаттуулардын саны менен туруктуу запасын түздү.