Инвесторлор Бишкекте таштанды иргей турган биринчи жайды ишке киргизишти

Инвесторлор Бишкекте таштанды иргей турган биринчи жайды ишке киргизишти

Пилоттук долбоордун алкагында таштанды иргөөчү жай Биринчи май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-жай курулган.

Жалпы аянты 147.1 чарчы метр жерде 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган. Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалган.

Таштанды контейнерлерин жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулган. Ошондой эле контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган.

Долбоордун максаты:

1. Жарандардын маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү
2. Экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо
3. Жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Мындай аянтчаларды жайгаштыруу иштери башка райондордо уланууда. Белгилей кетсек, долбоор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылууда.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери