Жаңы жылдын алдында, 2022-жылдын 29-декабрында, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы биринчи жолу 5-миллионунчу жүргүнчүсүн тейледи. Бул тууралуу өлкөнүн башкы аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Юбилейлик жүргүнчү деп «МЭА» ААКнын маалымат базасында катталып, Иркутск шаарынан «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын каттамы менен келген жаран табылган.
Бул маанилүү жетишкендикти белгилөө үчүн «Манас 2» аэробекеттик комплексинде салтанаттуу иш-чара өткөн. 5-миллионунчу жүргүнчүнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров, «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы — башкы директору Манасбек Самидинов, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын өкүлдөрү тосуп алышкан.
Жүргүнчүлөр үчүн күтүүсүз болгон иш-чаранын алкагында ийгилик Абай кызы Наркизага жылмайып, ал 5-миллионунчу жүргүнчү аталды. Манасбек Самидинов аталган жүргүнчүгө «МЭА» ААКнын корпоративдик белектерин жана 100 миң сомдук сертификат тапшырды.
Абай кызы Наркизага «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын жана «МЭА» ААКнын туунду ишканаларынын өкүлдөрү да баалуу белектерин тапшырышты. «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын коммерциялык директору Мээрим Садыкова 5-миллионунчу жүргүнчүгө 2 акысыз билет тапшырды. «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКсы юбилейлик жүргүнчүгө «Манас» аэропортунун VIP-залында акысыз тейленүү мүмкүнчүлүгүн белек катары тартуулады.