Бакудагы «Бабек Плаза» бизнес борборунда Кыргызстандын Азербайжандагы соода үйүнүн кеңсеси ачылды. Кеңсенин расмий ачылыш аземи 29-декабрда болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Азербайжандык ишкерлер жана жарандар үчүн бизнес-борбордо кыргыз боз үйү түрүндөгү шоу-рум бар, анын ичинде Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар: тамак-аш азыктары, тиричилик буюмдары, сувенирлер, ошондой эле КРнын инвестициялык жана туристтик потенциалы тууралуу брошюралар жана буклеттер коюлган.
КРнын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев бул аянтча эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө көпүрө экенин белгилеп, ишкерлерди кызматташууга чакырды.
Соода үйүнүн ачылыш аземине ошондой эле «AZPROMO» деп аталган Азербайжандын экспорт жана инвестицияны илгерилетүү боюнча агенттигинин директору, Азербайжандын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси, Азербайжан-Кыргызстан парламенттик достук тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин Эмгек партиясынын төрагасы жана Милли Межлистин Социалдык саясат боюнча комитети, ошондой эле КРнын Азербайжандагы соода үйүнүн негиздөөчүсү Зафар Мамедов катышты.