Фейсбуктагы «Кара тизме» деп аталган тайпада Нура Ева деген колдонуучу «Демир банктын» банкоматы башка банктын картасынан акча чечкендеги үчүн чоң суммадагы комиссия алгандыгын айтып, нааразы болду.
Анын айтымында, ал «Кыргызстан» банкынын «МБанк» картасы менен «Демир банктын» банкоматынан акча чечкен.
«2 миң сом дароо алайын десем, коюлган лимиттин айынан эки жолу 1 миң сомдон чечүүмө туура келди. Ушул кызматы үчүн менден 514 сом алып койду. Элди тоноп жатасыңар. Бул баш аламандыкты бизде эч ким көзөмөлдөбөйбү? 200 сом алсаңар деле өлмөк эмессиңер!» — дейт ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын коммерциялык банктарынын жалпы кирешеси 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Улуттук банктын алдын ала маалыматы боюнча 21 млрд 732 млн сомду түздү. Бул рекорддук көрсөткүч.