2025-жылга карата мыйзамдуу тамеки рыногунун төмөндөшүнөн улам акциздик салыктын жетишсиздигинен жоготуулар 2.5 эсеге өсүп, дээрлик 2 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу көз карандысыз эксперт Андрей Красников билдиргенин 24.kg жазды.
Алсак, эксперттин айтымында, келерки жылы рынокто тамекинин мыйзамдуу рыногунун төмөндөшүнөн улам акциздик жоготуулар 794 млн сомду түзөт.
«2025-жылга чейин мыйзамдуу тамеки рыногу 67%га кыскарат. Эгерде 2017-жылы 4.8 млрд тамеки болсо, 2025-жылга карата 1.5 млрд даана болот. Ошол эле учурда акциздик салыктын түшүүсү да кыскарган. Эгерде 2021-жылы бул көрсөткүч 6.1 млрд сом болсо, 2022-жылы 5.5 млрд сомго азайган», — деди Красников.
Ал ошондой эле 2017-жылдан 2022-жылга чейинки маалыматтар боюнча Кыргызстанда мыйзамдуу тамеки рыногунун төмөндөшү 49% түзгөнүн билдирди.