Садыр Жапаров Катарга футбол көрүүгө жеке бизнес учагы менен барды — ал 25-30 миң доллар турат

Садыр Жапаров Катарга футбол көрүүгө жеке бизнес учагы менен барды — ал 25-30 миң доллар турат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 18-декабрда жеке бизнес учагы менен Катарга футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалын көрүү үчүн барды. Бишкектен Дохага учуунун баасы 25-30 миң долларды түзөт.

Катарга жеке учак менен учуп кеткенин Kaktus.media сайты жазып, Qatar News Agency порталынан Жапаровдун Дохага келген сүрөттөрүн тапкан. Сүрөттөрдүн биринде жеке учак тартылган.

Президенттин басма сөз кызматы Жапаровдун «жумушчу сапары» тууралуу билдирүүсүндө Жапаровдун Дохага келгени тартылган сүрөттөрдү берип, бирок учактын сүрөтүн көрсөткөн эмес.

Kaktus.media сайтынын маалыматына таянсак, Кыргызстандан Катарга учкан Embraer Legacy 600 жеке бизнес-учагы www.flightradar24.com порталына кирип калган. Бишкектен Дохага жана кайра кайтып келүү канча турары белгисиз, бирок бизнес-джеттердин онлайн-калькуляторлору боюнча бул каттам боюнча учууга орточо эсеп менен 50-60 миң доллар керектелет.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Катардын Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен барганын, андан тышкары, ал Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушканын, өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүшкөнүн билдирди.

Белгилей кетсек, акыркы бир жыл ичинде бул Садыр Жапаровдун жеке учагы менен бешинчи жолу учушу. Буга чейин КРнын башчысы бизнес учак менен Глазго, Пекин, Нью-Йорк жана Астанага барып келген.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери