Улуу Британиянын жарандык авиация башкармалыгы, мамлекеттик авиарегулятор Кыргызстандагы авиациялык коопсуздукту жакшыртууга көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилиги билдирди.
Элчилик британиялык адистердин биринчи тобу өткөн аптада Бишкекке таанышуу сапары менен келип кетишкенин кабарлады.
Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында CAAi эксперттери Кыргызстандын бийлигине төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
- Учуулардын коопсуздугунун мамлекеттик программасын эл аралык талаптарга ылайык кайра карап чыгуу жана жаңылоо
- Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин инспекторлорун жана тармактык персоналды коопсуздук эрежелерин сактоонун акыркы стандарттарына үйрөтүү
- Учуулардын коопсуздугу боюнча мамлекеттик жаңы программаны ишке ашыруу боюнча теориялык жана практикалык курстар берилет.
Элчилик долбоор 2023-жылдын жай айларында аяктарын, анын натыйжасында, Кыргызстанда коопсуздуктун жана көзөмөлдүн деңгээлин жогорулай тургандыгын, ошондой эле бул республикага өзүнүн авиация тармагын Европанын «кара тизмесинен» чыгарууга жардам берерин айтат.
«Учуулардын коопсуздугу боюнча Кыргызстандын Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги менен кызматташууга кубанычтабыз. 2009-жылы мындай программаны ишке ашырууга киришкен авиациялык регулятор катары ноу-хау жана баалуу билимдерге ээ Улуу Британиянын эксперттери Кыргызстанга пайда алып келет деген ишеничтебиз», — деди Роб Эрскайн, CAAi эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси.
Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО, ИCАО) талаптарына ылайык, ар бир мамлекет мындай программага ээ болушу жана аны аткарышы керек. Долбоор 2022-жылдын декабрында башталып, 2023-жылдын биринчи жарымында аякташы күтүлүүдө.
- UK Civil Aviation Authority International (UK CAAi) – Улуу Британиянын жарандык авиация башкармалыгынын авиация тармагында техникалык жардам көрсөтүүчү, кеңеш берүүчү органы болуп саналат.