Баткенди калыбына келтирүү маселе башкы планга тийиштүү болсо, анда документке тийиши бар кызматкерлерди иштен бошотуу керек. Бул тууралуум Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаровдун айтымында, тиешелүү органдар «уктап» жатса, министрлер Баткенге барып, жаңы жылга чейин иш алып барып, ушул маселелердин баарын чечип беришет.
Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча президенттин атайын өкүлү Кайрат Кошбаковдун маалыматына ылайык, учурда 415 объектте курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 273 объектиде — дубал тургузуу, 95 объектиде плиталар коюлуп, 36 объектиде — чатыр жабуу, ал эми 11 объектиде ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.