Сокулук районунда «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери 985.6 миң сомду кымырып алган. Бул факт Сокулук райондук филиалында пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдүн сарпталышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү учурунда аныкталган.
Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, филиалдын башкы бухгалтери А.С., котормо оператору А.А. жана чарба жагынан бөлүм башчысы Э.И. пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдү өздөрүнө сиңирип алгандыгы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен айыпкер катарында жоопкерчиликке тартылышты.
Тергөө учурунда келтирилген каражаттар толугу менен өндүрүлүп, Сокулук райондук сотуна негизинен кароо үчүн жиберилди.