Кыргызстанга Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин келишти. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.
Лукашенко менен Путин Бишкекте КР төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келишти.