Кыргызстандын Кореяга энергия экспортун жолго коюу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Нобель лауреты Рае Квон Чунг айтты.
Лауреттын айтымында, КР үчүн калкты жана ишканаларды жашыл экономиканын компоненттерин колдонууга активдүү өтүүгө түрткү берүүчү экономикалык рычагдарды өнүктүрүү да маанилүү.
«Бизде өндүрүлгөн электр энергиясын андан ары башка өлкөлөргө экспорттоо менен Борбор Азия аймагында күн жана шамал энергиясын өнүктүрүү долбоору бар. Мындай долбоорду ишке ашыруу аймакты кандайдыр бир энергетикалык борборго айландырууга мүмкүндүк берет», — деди Рае Квон Чунг.
Тараптар экологиялык тең салмактуулукту сактоо жана климаттын глобалдык өзгөрүшүнө жол бербөө маселесин талкуулашты.