КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Тараптар ЕАЭБ органдарында КР төрагалыгынын алгачкы жыйынтыктары чыгарылып, 2023-жылы мүчө мамлекеттердин ортосундагы интеграциялык процесстерди кеңейтүү пландары талкууланды.
Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтө турган ЖЕЭК жыйынына даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.