3 миң 942 баткендиктер үйлөрүнө кайтып келе элек, тактап айтканда: 3 миң 781 жаран – башка үйлөрдө, 161 жаран кабыл алуу пунктунда жашап турат. Бул тууралуум Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Министрлер кабинетинин башчысы бүгүнкү күндө орун алган бир катар курч маселелерди белгиледи.
«Толугу менен күйүп кеткен, оңдоого муктаж үй ээлерине 149.6 млн сом компенсация төлөп бердик. Негизги маселе – 420 үйдүн курулушу, анын ар биринин баасы 3.3 млн сомду түзөт», — деди ал.
Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча президенттин атайын өкүлү Кайрат Кошбаковдун маалыматына ылайык, учурда 415 объектте курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 273 объектиде — дубал тургузуу, 95 объектиде плиталар коюлуп, 36 объектиде — чатыр жабуу, ал эми 11 объектиде ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.