Кыргызстанда өндүрүш тарабынан бааланган байкоо жүргүзүлбөгөн (жашыруун жана формалдуу эмес) экономиканын көлөмү 2021-жылы 155 млрд ашык сомду же ИДПга карата 21% түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
2021-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын ИДПга карата үлүшү мурунку жылга салыштырмалуу 0.2% пунктка жогорулады, бул чекене соода, мейманканалар жана ресторандар, ошондой эле иштетүү өндүрүшү тармактарындагы үлүштѳрдүн жогорулашы менен шартталды (тиешелүүлүгүнө жараша 0.2%).
Муну менен катар, 2021-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү 2017-жылга салыштырмалуу 2.6% пунктка төмөндөгөн, бул анын дүң жана чекене соода тармагынын үлүшүнүн (3%) кыскарышы менен шартталды.