Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чуньхуа иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Конокторду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөөрү пландалууда.