КР Экономика жана коммерция министрлигинин жана Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин ортосунда микроэлектроника тармагын өнүктүрүү жаатында меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Бул документ микроэлектроника чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жол берет.
«Биримдик өлкөлөрүнүн мамлекеттик түзүмдөрүнүн да, илимий-изилдөө институттарынын да биргелешкен өз ара аракеттешүүсүн күчөтүү зарыл, мында биргелешкен иштердин эң перспективдүү багыттары илимий ишмердүүлүк жана ички керектөө үчүн зарыл болгон микроэлектрондук компоненттерди өндүрүү болушу керек», — деп баса белгиледи экономика министри Данияр Амангелдиев.