Кыргызстан ЕАЭБ мейкининде түз инвестициялык фондду түзүүнү сунуштады

Кыргызстан ЕАЭБ мейкининде түз инвестициялык фондду түзүүнү сунуштады

Евразия мейкиндигинин чегинде биргелешкен инвестициялык аянтчалардын жана тике инвестициялык фонддор тутумун бириктирүүчү түз инвестициялык фондду түзүү зарылчылыгы бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек инвестициялык саммитинде билдирди.

Минкабдын маалымат кызматы билдиргендей, Жапаров мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдө инвестициялардын маанилүү ролун белгиледи.

Анын айтымында, акыркы беш жылда жаңы инвестициялык долбоорлордо кичи жана орто бизнестин үлүшү 5.7%дан 1.3%га кыскарган. Ар бир өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүшү көптөгөн факторлордон көз каранды, бирок алардын ичинен эң негизгиси чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, өндүрүлгөн продукциянын экспортко багытталуусу болуп саналат.

«Кичи жана орто ишканалар өздөрүнүн мобилдүүлүгүнүн, ийкемдүүлүгүнүн, ишке карай инновациялык мамиле кылуусунун аркасында ар кандай өзгөрүүлөргө ыкчам көнүүгө, жаңы продукцияны тез өндүрүүгө жөндөмдүү. Натыйжада, чакан жана орто бизнестин эсебинен оптималдуу чарбалык пропорциялар түзүлөт жана сакталат. Ошондуктан, биз мындан ары да кичи жана орто бизнести жигердүү колдоого, инвестициялоого жана алардын ишмердүүлүгүн күчөтүүгө, алдыңкы технологияны өздөштүрүү үчүн өз ара өндүрүштүк кооперацияны чыңдоого тийишпиз», — деди Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бүгүнкү Саммит ири инфраструктуралык жана башка экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жаңы демилгелер сунуштала турган аянтча экендигин, санариптештирүү, жаңы технологиялар жана башка тармактарда кызматташуу илгерилей тургандыгын белгиледи.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери