2030-жылга карата Кыргызстан парник газдарынын чыгындысын 44% кыскартат. Бул тууралуу пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нобель сыйлыгынын лауреаты Рае Квон Чунг менен жолугуусунда билдирди.
Тараптар жашыл экономиканы өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсүн талкуулашты. Жапаровдун айтымында электр энергиясынын дээрлик 90%ын ГЭСтер аркылуу өндүрөбүз, калктын жарымынан көбү өлкөнүн айыл чарбасы менен алектенет.
«Буга байланыштуу мөңгүлөрдүн эриши жана Борбордук Азия чөлкөмүнүн суу ресурстарынын жарымына жакынын түзгөн суу ресурстарынын азайышы өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. КР үчүн БУУнун алкагында Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүү жана тоо токойлорун өнүктүрүү боюнча атайын программаны иштеп чыгуу, ошондой эле өлкөдө мөңгүлөрдү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу абдан маанилүү», — деп белгиледи Жапаров.