КР Социалдык эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү 150 эмгек мигрантка 300 миң рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, бир факты боюнча иш берүүчүдөн өндүрүштүк жаракатка байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыян үчүн компенсация өндүрүлгөнү белгиленген. Жалпысынан 54 арыз түшкөн.
Мындан тышкары, өкүлчүлүк Орусияда каза болгон кыргызстандык 8 жарандын сөөгүн мекенине алып келүүгө көмөктөшүп, жалпысынан 560 миң рубль компенсация төлөп берген.
Мындан тышкары, 635 кыргызстандык Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча консультация алышкан. Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайга төрт жолу барышып, укук бузуулары үчүн Россия Федерациясынан депортацияланууга тийиш болгон кыргызстандыктар менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Өкүлчүлүктүн дареги: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7, 5 корпус, телефон: +74951977671; e-mail: pred.mtsom@mail.ru.
Ошондой эле төмөнкү суроолор боюнча кайрылууга болот:
- эмгек акынын төлөнбөгөнү, эмгек талаш-тартыштары, жаракат алгандардын ордун толтуруу, чыгаруу, депортациялоо, миграциялык каттоо, медициналык текшерүү телефону: +74951977671 (кошумча 205).
- каза болгондорду ташып келүү үчүн бир жолку төлөмү, кыргыз диаспорасы жана мекендештердин улуттук-маданий бирикмелери менен өз ара аракеттенүү, жарандарды ишке орноштуруу телефону: +74951977671 (кошумча 204).