«Бишкек» ЭЭА үчүн салыктын катаалдашуу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков Economist.kg берген комментарийинде билдирди.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаевдин айтымында, салыктык башкаруунун катаалданышына байланыштуу ЭЭА субъектилеринин саны 1215тен 300гө чейин кыскарып кеткен.
Буга байланыштуу Экономика министрлиги ЭЭА КР аймагынын бир бөлүгү болуп саналып, анда өзгөчө режим иштейт экендигин эске салган. ЭЭА резиденттери салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулат.
«ЭЭА субъектилери үчүн салык салуу режимин катаалдаштыруу жөнүндө маалымат туура эмес. Мындан тышкары, учурда ЭЭАнын аймагынан КР жалпы аймагына товарларды ташып келүүдө КНСтен бошотуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилип жатат», — деди Ысабеков.