Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү бирдиктүү газ рыногун түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу 7-декабрда «Ала-Тоо» телеканалына берген маегинде Экономика министрлигинин ЕАЭБ координациясы бөлүмүнүн башчысы Назгүл Сыдыгалиева билдирди.
Анын айтымында, бул маселе көптөн бери каралып келген. 2018-жылдан бери жалпы газ рыногун түзүү маселеси программага киргизилип, аны ишке ашыруу планы түзүлүүдө.
«Бул планда эл аралык келишим түзүү каралган. Бул келишимде ошондой эле биримдикке мүчө мамлекеттердин аймагында жайгашкан газ ташуу системаларына кирүүнүн бирдиктүү эрежелери камтылат», — деди Сыдыгалиева.