Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1.6%га кыскарды жана $563.5 млн түздү. Маалыматты Улуттук статистикалык комитети жарыялады.
Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги чыгып кетүү агымы (92% ашыгы) пайдалуу кендерди казуу чөйрөсүндөгү ишканаларда, иштетүү өндүрүшүндө, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууда, ошондой эле геологиялык чалгындоо чөйрөсүндө байкалды.
КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 5.5% га өстү, бул негизинен алардын Японияга – 291.6 эсеге, Германияга – 9.5 эсеге, Түркияга – 9.2 эсеге жана Улуу Британияга 1.4 эсеге өсүүнүн эсебинен болду.
Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Түркияга (43.9%), Кытайга (30.8%) жана Канадага (8%) туура келди. КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2.3 эсеге төмөндөдү, бул Россияга багытталган инвестициялардын 3.4 эсеге кыскарышынын эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициялардын Казакстанга чыгып кетүүсүнүн агымы 33.4% көбөйдү.
2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынан сырткары, көпчүлүк региондордо тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөгөнү белгиленди.