2022-жылдын декабрынан тартып жылдык кирешеси 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары 2027-жылдын 1-январына чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Салык кызматы жарыялады.
Өзгөртүүлөр мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, мамлекеттик ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, ошондой эле мамлекеттин катышуу үлүшү 51% ашык болгон ишканаларга жана уюмдарга жайылтылбайт.
Жылдык кирешеси 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери:
- жалданма жумушчуларынын саны 5-14 адам болсо – 27.25%дан 22%га чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 12% жана жумушчудан 10%);
- жалданма жумушчуларынын саны 15 адам жана андан көп болсо – 27.25%дан 14%га чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 4% жана жумушчудан 10%).
Мындан тышкары, чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду (0.25 %) алып салынды.
Отчетто 1-4 адамды көрсөткөн чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өзгөрүүсүз калат – 27.25% (жумуш берүүчүдөн 17.25 % жана жумушчудан 10%).