2022-жылдын 1-декабрынан тартып ишкерлер белгиленген мөөнөткө чейин отчет бербеген (же кечиктирген) алгачкы учурда эле 25% айып салынат. Мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр тууралуу Салык кызматы маалымдады.
Ишкерлер эсептешүү ведомвстволордун белгиленген мөөнөттө бербегендиги (же кечиктиргендиги) үчүн өткөн отчеттук мезгилде түзүлгөн төлөмдөрдүн суммасынын 25% өлчөмүндө айып пул календардык жыл ичинде эки жолудан ашык берилбегенде (же кечиктирилгенде) кийин кайра эсептөө менен чегерилип келген.
Ошону менен бирге тарифтик ставкалар боюнча 27.25% төлөгөн бардык төлөөчүлөр үчүн – жумуш берүүчү жумушчулары үчүн төлөй турган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү орточо айлык эмгек акынын 60% эсептелген суммадан аз болушу мүмкүн эмес.