Салык кызматы жыл башынан бери салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын төлөгөн 9 миң 960 ишкерлердин 15.8 млрд сом туум жана санкцияларын эсептен чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Тактап айтканда, бюджетке 11.7 млрд сом карыздын негизги суммасы төлөнгөн. Салык карызынын негизги суммасын төлөгөн 6 миң 162 салык төлөөчүнүн 15.7 млрд сом суммасындагы туум жана санкциялары эсептен чыгарылды. Ишкерлер 11.5 млрд сом салык карызынын негизги суммасын төлөшкөн.
«Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн 3 миң 528 субъекттин 120 млн сом суммасындагы туум жана айыптары эсептен чыгарылды. Бюджетке 240 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасы төлөнгөн», — деп салык кызматы белгиледи.