Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитеттин депутаттары «Бишкек» Эркин экономикалык аймагында (ЭЭА) жайгашкан өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Бишкек ЭЭАнын жетекчилиги, ошондой эле экономикалык аймактын субъекттеринин катышуусунда өттү.
Алгач эл өкүлдөрү биметаллдык радиаторлорду чыгарууга адистешкен «Тан Дем» ишканасына барышты. Андан соң депутаттар «Жибек-Жолу» дублерин өндүргөн импорттук-экспорттук соода компаниясынын, күн энергиясын пайдалануучу панелдерди чыгаруучу «Нью Тек» ЖЧКсы жана синтетикалык кездемелерди чыгаруучу «Фая Текстиль» ЖЧКсы ишмердүүлүгү менен таанышты.
Талкуу маалында комитет мүчөлөрү Бишкек ЭЭАда чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча өз сунуштарын жана сын-пикирлерин айтышты. Ошондой эле депутаттар КР Эмгек кодексине ылайык коопсуздук чараларын сактоого жана жумушчулардын укуктарын коргоого чакырышты.