Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда комурдун бааларына, ошондой эле көмүр саткан топбазалардагы жана стационардык пункттардагы сатылып жаткан көмүргө мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.
Андан тышкары, Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери көмүр саткан сатуучуларга бааны негизсиз жогорулашына жол бербөө жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен 3 жазма эскертүү жана 3 билдирүү берилди.