2022-жылдын 9 айында Бишкек ЭЭАда ишмердүүлүктүн шарттары боюнча 1.7 млрд сомго жакын инвестиция тартылган, 24 келишим түзүлдү. Бул тууралы эркин аймактын башчысы Кудрет Тайчабаров билдирди.
Тайчабаровдун айтымында, ЭЭА алкагында салык режимин мындан ары либералдаштыруу боюнча чараларды көрүү керек. Дүйнөнүн бардык жеринде ЭЭА өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун жүзү болуп саналат.
Андан сырткары, бир нече жылдан бери «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын резиденттеринин саны төрт эсеге – 1 200дөн ашык компаниядан 300гө чейин кыскарганы белгиленди. Мунун себептеринин бири – ЭЭАда бизнес жүргүзүү үчүн шарттар жагымдуу эмес.